Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Сом дүйнөдөгү эң алсыз 10 валютанын катарына кирди


Орусиялык РБК медиа-группасынын рейтинги боюнча кыргыз сому быйыл дүйнөдөгү эң алсыз 10 валютанын катарына кирди. Маалыматка ылайык, сом 9-орунду ээлеген.

Агенттиктин аналитиктери кыргыз акчасы 2014-жылдын январь айынан тарта 14% кунун жоготконун белгилешет. Серб динары, чили песосу, швед крону, сейшель рупийи жана молдова лейи да сом менен бирдей деңгээлде кунун жоготкон.

Дүйнөлүк девальвациянын жыйынтыгына ылайык, сом украин гривенине, орус рубли жана казак теңгесине караганда туруктуулугун көрсөткөн.

Быйыл украин акчасы 46%, ал эми орустардыкы 39% баасын жоготкон.

XS
SM
MD
LG