Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

Кадыров: жоочулардын үй-бүлөсүн өлкөдөн кууп чыгыш керек


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров террористтерге карата жазаны күчөтүү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Инстаграмга "Эгер Чеченстанда согушкер полиция кызматкерин же бейкүнөө адамды өлтүрө турган болсо, анда анын үй-бүлөсү дароо өлкөнүн аймагынан кайра келгис болуп чыгарылат. Ал эми үйү пайдубалы менен кошо сүрдүрүлөт" деп жазды.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 4-декабрдагы Грозныйдагы чабуулдун кесепетинен курман болгон полиция кызматкерлеринин саны 14кө жетти.

Жума күнү Рамзан Кадыров кол салгандардын 11и өлтүрүлгөнүн маалымдаган эле.

Кадыров чабуулду чечен сепаратисттеринин лидери, маркум Доку Умаровдун бир тууганы, Түркияда жашырынып жүргөн Ахмат уюштурганын жана аны өткөрүп берүүнү орус бийлиги талап кылышы керектигин да айтып чыкты.

4 - декабрга караган түнү жоочулар Грозныйдын борборундагы жол көзөмөл кызматына кол салып, андан соң Басма үйүнө жана мектептердин бирине жашынган.

Атайын операциянын жүрүшүндө бардык жоочулар өлтүрүлгөн. Имараттардын ичинен көптөгөн курал-жарактар, ок-дарылар жана жыйырмадан ашуун жардыргыч зат табылган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG