Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Оторбаев: жер салыгын көбөйтүү керек


Жер салыгын көбөйтүү менен айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтө алат. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургундары менен 6-декабрда жолуккан учурда билдирди. Анын айтымында, жер салыгын көтөрүүгө өкмөт кийлигише албайт. Бул укук жергиликтүү бийликтин жетекчилерине берилген.

“Эми жергиликтүү бийликтегилер жерге болгон салыкты көбөйтүү менен өз аймактарынын бюджетине түшө турган каражаттын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ал каражатты мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө же ушул өңдүү өз аймактарына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн пайдаланышса болот",- деди Оторбаев.

Буга чейин Каржы министрлиги тарабынан бөлүнө турган дем берүүчү гранттардын өлчөмү кыскарып калат деген кооптонуу менен жер салыгын көбөйтүүгө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аракет кылышкан эмес. Оторбаев жер салыгы көбөйсө да дем берүүчү гранттын өлчөмүн кыскартпоо тууралуу өкмөт чечим кабыл алганын белгиледи. (ECh/TSh)

XS
SM
MD
LG