Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Аба ырайынан улам учактар кармалып турат


Бул тууралуу “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков билдирди. Эртеден бери бурганактап жаап жаткан кардан улам майданга бир дагы учак коно албай жана учуп кете албай турат. Тумандын айынан учак каттамдары убактылуу кармалууда.

Карыпбековдун айтымында, учурда аэропорт аймагын калың туман каптап турат. Ушул мүнөттөрдө аэропорттун бардык техникасы, тиешелүү кызматкерлери учак аянттарын тазалашууда. Карыпбеков күндүн көзү көрүнгөндө каттамдар кайрадан план боюнча иш алып барарын, азыр сырттан келген каттамды кабыл алууга аракет көрүлүп жатканын кошумчалады. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG