Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Аба ырайы: чукул эскертүү


8-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде абдан калың кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы 7-9-декабрда кескин төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20 градус, кээ бир райондордо -25 градуска чейин суук болот.

Мындай аба ырайы мал кармоого, автоунаа кыймылына тоскоолдук жаратып, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -15…-20, күндүз ... -7…-12,

Таласта түнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15,

Баткенде түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12,

Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -12…-17 градус болот.

8-декабрда Бишкек түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15...17, күндүзгү жогорку температура 9...11 градус суук болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG