Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Көчмөндөр оюну жөнүндө тасма чыгат


Ушул жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну жөнүндө Орусиянын “Моя планета” каналы тарткан тасма жарык көргөнү турат. Бул тууралуу телеканалдын сайтында маалымдалды.

Кабарларга караганда, көчмөндөр жөнүндө даректүү тасма жакында телеканалдан көрсөтүлүп, ошондон кийин Кыргызстанга тасманы колдонууга расмий уруксат берет.

"Моя Планета" – саякат, илим, тарых жөнүндө тасмаларды күнү-түнү көрсөткөн орусиялык телеканал. Каналдын чыгармачыл тобу дүйнөнү кыдырып саякатчыларга ыңгайлуу, кооз, тарыхы бай жерлерди кыдырып даректүү тасмаларды тартышат. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG