Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Атамбаев: Жерүйгө аукцион жарыяланат


Алдыдагы айларда Таластагы Жерүй алтын кенине аукцион жарыяланарын, учурда кыргыз өкмөтү сынактын шарттары даярдалып жатканын президент Алмазбек Атамбаев Араб Эмираттарындагы расмий сапарында билдирди.

Президент Араб Эмираттарынын жана Дубай шаарынын соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери менен болгон жолугушууда Бишкекке жана облус борборлоруна ири мейманканаларды курууга, айыл чарба багытында чогуу иштешүүгө чакырып, Кыргызстандагы кендерди иштетүү үчүн сынактарга да катышууга үндөдү.

Араб Эмираттарынын соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү көп тармактуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жакынкы убакта Кыргызстанга келүүгө даярдык көрүп жатышканын билдиришти.

Жерүй - Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Айрым жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршылык билдирип келишет. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG