Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Минскте активисттер Лукашенкого каршы тасма таратышты


Белорусиянын жарандык активисттери Минск шаарында президент Александр Лукашенкого каршы кездемеден кызыл-ак тасма таратышты.

Кызыл-ак түстү тасма өлкөдөгү оппозициялык саясий партиянын символу деп түшүндүрүшкөн активисттер аны тагынуу менен президентке каршыбыз деген көз карашты билдиришти.

Оппозициялык активисттер кечээ шаардын көчөлөрүн кыдырып тасманы таратып башташкан. Андан сырткары активисттер социалдык тармактарда дагы аталган тасманын сүрөтүн жайылтууда.

1918-1919-жылдары Беларусиянын желегинде кызыл, ак өңдөр болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG