Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Сирия Израилди аба соккулары үчүн айыптады


Сириянын командачылыгы Израилди өлкө борбору Дамасктын жанында аба соккуларын жасаганы үчүн айыптады. Израиль бутага алган объектилердин бири - Дамасктын эл аралык аэропорту болгон.

Сирия командачылыгынын билдирүүсүндө израилдик учактардын аба соккулары зыян алып келгени, бирок адам өмүрү кыйылбаганы айтылат.

Билдирүүдө ошондой эле Израиль армиясы президент Башар Асадды бийликтен кулатууну көздөгөн куралдуу топторду колдоп жатканы белгиленет.

Расмий Тель-Авив Дамасктын бул айыптоосуна карата азырынча реакциясын айта элек.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан уюм -Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, Израиль сокку жасаган экинчи объект да аскерий болгон. Соккуга кабылган Дамасктын аэропорту жарандык жана аскерий максатта колдонулат.

2011-жылы Сирияда куралдуу жаңжал тутангандан бери Израиль Сириянын аскерий объектилерине бир нече ирет сокку урган. Соккулар негизинен куралдын заманбап системалары орнотулган делген жайларга жасалган.

Израилдин пикиринде, ал куралдар "Хезбола" экстремисттик тобуна берилет. Израилдин буга чейинки, акыркы аба соккусу быйыл мартта болгон. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG