Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

АКШ согушчандардын лидерин Пакистанга өткөрүп берди


Ооганстанда америкалык аскерлер тарабынан кармалган Пакистандык талиптердин лидери Латиф Максуд Пакистан бийлигине өткөрүлүп берилди. Ал Ооганстандагы талиптердин өткөн жылы өлтүрүлгөн лидери Хакимулла Максуддун оң колу болуп жүргөн. Америкалык аскерлери Латиф Максудду өткөн жылы октябрда кармашкан.

Ооганстандагы аскер күчтөрү мурда кармалган пакистандык үч согушчан 6-декабрда өткөрүлүп берилгенин, алардын бири Латиф Максуд экенин маалымдашты.

Талиптердин лидерин бошотуу АКШ коргоо министри Чак Хейгел кызматтан кетип жатып, Ооганстанга барган учуруна туш келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG