Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Кыргыз тилин окутуу усулдарынын мыктылары аныкталат


Мамлекеттик тил комиссиясы бүгүн кыргыз тилин окутуунун мыкты усулдарына жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарып, анын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырат. Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча сынакка мамлекеттик тилди үйрөтүү жана окутуу боюнча 100дөн ашуун эмгек коюлган. Мыкты деп табылган окутуу ыкмалары мектептерге жана жогорку окуу жайларына багытталат.

Кыргыз тилин окутуунун мыкты усулдарына сынак үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-ноябрына чейин болуп өткөн.

Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилген. 20 жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз тили өз макамына жооп бере албай келе жатканын тилчилер белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG