Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Бишкекте аялдар менен балдардын социалдык көйгөйү талкууланат


Жыйында “Аялдар жана балдар тагдырдын оор учурларында” деген аталышта жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы тууралуу кеп болот. Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлигине келерки эки жыл үчүн сунуштар берилмекчи. Мындан тышкары мамлекеттик программаларды аткаруу, аны көзөмөлдөөдө жарандык коомдун ролу тууралуу маселелер каралып, Кыргызстанда үй-бүлө мамлекет тарабынан канчалык деңгээлде колдоого алынганы тууралуу жана энелердин өлүмүнүн себептерин иликтөөлөрдүн жыйынтыктары тааныштырылат.

Бүгүнкү күнү кедей үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мамлекет тарабынан ай сайын 495 сомдон жөлөкпул төлөнөт. Балдар укугун коргоочулар күнүнө 16 сомдон айланган бул каражатка баланы каржылоо мүмкүн эместигин белгилеп, жөлөкпулду көбөйтүүнү талап кылышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG