Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Бейөкмөт уюмдар президенттин сынына жооп кайтарды


Бул тууралуу 40тан ашык бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусунда айтылат. Анда президент Атамбаевдин 1-декабрда жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде бейөкмөт уюмдардын дарегине айткан сынына жооп кайтарылган.

Кайрылууда укук коргоочулар президенттин өлкө коопсуздугу боюнча камтамачылыгына кошуларын, бирок өлкө башчынын бейөкмөт уюмдар коопсуздукка коркунуч келтирүүдө деген пикирине нааразы экенин билдиришкен.

“Буга чейинки эки президент да бейөкмөт уюмдар өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурат деп, алардын ишмердигин чектөөгө аракет кылган. Бирок өзүлөрү өлкө коопсуздугуна коркунуч туудуруп, демократиялуу мамлекет куруу принцибин бузганы, коррупция жана мамлекетти эффективдүү башкара албаганы үчүн эл кууп чыкканын тарых көрсөттү. Ошондуктан сиз алардын каталарын кайталабайт, бейөкмөт уюмдар менен каршылашкандын ордуна жана өлкөдөгү орчундуу маселелерди чечүү үчүн кызматташат деп үмүттөнөбүз" деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле укук коргоочулар өлкө мыйзамдарында бейөкмөт уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөөгө жетиштүү механизмдер бар экенин билдиришкен.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда бейөкмөт уюмдардын каржылоо булактарын көзөмөлдөө зарылдыгын билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталган. Анын демилгечилери сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик көзөмөл керектигин, бул эң ириде коопсуздукка байланыштуу экенин жүйө келтиришүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG