Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Бишкекте муниципалдык ишкананын директоруна иш козголду


Бишкек мэриясынын алдындагы “Бишкек Асфальт Сервис” ишканасынын директоруна кылмыш иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жетекчи жеке ишкана ачып, кызмат абалынан пайдалануу менен бир катар келишимдерди түзгөн деп шектелүүдө. Мунун айынан мамлекетке үч миллион сомдон ашык зыян келген. Буга байланыштуу ага карата Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG