Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Кытайдын акчасына Бишкектин дагы үч көчөсү оңдолот


Кытай өкмөтүнүн техника-экономикалык жардамынын негизинде Бишкек шаарынын үч көчөсү оңдолот. Бүгүн парламенттин эл аралык иштер комитетинде бул боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Кыргыз жана кытай өкмөттөрү бул протоколго быйыл сентябрда кол койгон. Долбоордун жалпы суммасы - 52,5 миллион юан.

Бул каражатка Махатма Ганди көчөсүнүн Жибек Жолунан тарта Маевка айылына чейинкиси, Мухтар Ауэзов көчөсүнүн Анкара жана Уркуя Салиева атындагы көчөлөрүнүн, Жукеев Пудовкин көчөсүнүн Аалы Токомбаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы участоктору оңдолот. Жалпы узундугу - 8 чакырым.

Быйыл жайы менен Бишкектин Токтогул, Фучик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн эскилиги жеткен жерлери оңдолду. Ага да каражатты Кытай бөлүп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG