Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестиция көлөмү азайды


Кыргызстанга келген түз инвестиция быйылкы жылдын тогуз айында былтыркыга салыштырганда 35 пайыз азайды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү 443 миллион долларды түзгөн. Бул былтыркыга караганда 35 пайыз аз.

Агенттик мунун себебин “Кумтөр Голд компани”, “Кока-Кола Ботлерс”, “Бишкек сүт” сыяктуу ишканаларга инвестициянын азайышы, "Реемтсма-Кыргызстан" ишканасынын жабылышы жана “Жунда” заводундагы курулуштун аякташы менен түшүндүрүүдө. Ошол эле учурда быйыл тоо-кен тармагына келген инвестициянын көлөмү былтыркыга караганда 11 пайыз көбөйгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG