Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Көк-Таш – Ак-Сай жолундагы эки көпүрөнүн курулушу аяктады


Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. 7 чакырымды түзгөн Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун курулушунда учурда беш даана техника иштеп жатат. Жолдогу эки көпүрөгө 15 млн сом сарпталып, курулушу аяктады. Жакынкы аралыкта алар пайдаланууга берилет.

Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолун куруу ишине байланыштуу ушул жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда талаш чыгып, куралдуу кагылыш орун алган. 27-августта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жолугушуусунан кийин эки тарап макулдашып, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жана Исфара – Ворух жолунун курулушу жанданган. (JsA)

XS
SM
MD
LG