Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

9-декабрга карата аба ырайы


Чукул эскертүү

8-12-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90,145-150 чакырымдары), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) Каракол – Эңилчек (45-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы

9-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -15...-20, түндүгүндө -21...-26, күндүз -3...-8,
Таласта түнкүсүн -19...-24, күндүз -4...-9,
Баткенде түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Нарында түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -4...-9 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -17…-19, күндүз -5…-7 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG