Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Милиция жетекчилери конкурс менен тандалат


Мындай буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Ага ылайык, ички иштер тармагындагы жетекчилик кызматтарга талапкерлер сынак аркылуу тандалмакчы. Мындай чара ички иштер органдарын реформалоо алкагында калктын милицияга ишенимин жогорулатуу максатын көздөйт. Буга чейин тартип коргоо органдарынын жетекчилери дайындоо жолу менен тандалып келген.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери ички иштер органдарын реформалоо аракети жасалып келет. Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев реформанын жүрүшүнө канааттанбай турганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG