Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:42

Иран аскерий бюджетин 33 процентке көбөйтөт


Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн коргонуу бюджетин 33 процентке көбөйтүүнү сунуштады. Ирандын кезектеги финансылык жылы 2015-жылы 20-мартта башталат.

Парламентке сунуш кылынган долбоордо бюджет 312, 2 млрд долларды түзөт. Аскерий иштерге каралган каражаттын негизги бөлүгү элиталык Иран революциячыл корпусуна берилет.

Бюджет долбоорунда мунайдын орточо баасы 70 доллар деп каралган.

Өткөн жумада мунайдын эл аралык рыноктогу баасы 70 долларга түшкөн. Президент Роухани да 7-декабрда парламентте сүйлөп, бюджет мунайдын баасы эске алынып түзүлдү деди.

Ирандын ядролук программасы боюнча алты держава ортосунда жетишилген келишимге жараша Тегеран айына сырт өлкөлөргө 700 миллион долларга кара май сата алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG