Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Жорж Буш инисин президент болууга үндөдү


АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш бир тууганы Жебди 2016-жылы президенттикке ат салышууга чакырды. Флорида штатынын мурдагы губернатору Жеб Буш Республикачыл партиядан президенттикке көрсөтүлчү талапкерлердин бири деп боолгонууда.

- Мен анын шайлоого катышуусун каалайм. Зарыл болсо, бул сөзүмдү кайра кайталайм. Жеб, (шайлоого) катышкын,- деди Жорж Буш 7-декабрда СNN телеканалына берген интервьюда.

Жеб Буш апрелде өз чечимин жыл аягында айтам деген. Ал азыр 61 жашта.

Жорж Буш 2001-2009-жылдары эки мөөнөт президенттик кылган. Жеб жана Жорждун атасы Жорж Буш 1989-1993-жылдары АКШнын президенти болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG