Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

Рябков: Орусия АКШнын санкциясына ийилбейт


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 8-декабрда Мамдумада сүйлөп жатып Москва “негизги маселелерде Кошмо Штаттардын талабын аткарууга даяр эмес”, бирок “кызыкчылыктардын балансын издеп жатат” деди.

Орусия мартта Крымды аннексиялап алып, Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдогондон улам АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкция жарыялаган.

Рябковдун айтымында, АКШнын санкциясы “Орусиядагы бийликти алмаштыруу үчүн социалдык жана экономикалык шарт түзгөндү көздөйт”.

АКШ Конгресси өткөн аптада Орусияны “саясый-экономикалык үстөмдүккө жетишүү үчүн коңшу өлкөлөрдө агрессивдүү саясат жүргүзүүдө” деп сындаган резолюция кабыл алган. Президент Обама эгер Москва Украинага байланыштуу саясатын өзгөртпөсө, Вашингтон Москвага кысымын токтотпосун эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG