Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Нетянаху: Израил Иран менен ядролук келишимди артка жылдырууга чоң салым кошту


Премьер-министр Бенямин Нетянаху Израил ири державалардын Иран менен ядролук программа боюнча келишимге кол коюусуна жол бербегенин билдирди:

- Ирандын биздин коопсуздугубузга тиешелүү ядролук курал жаратуу максатынан маанилүү маселе жок. 24-ноябрдагы келишимге кол коюлбай кийинге жылдырылганы жакшы жараян болду. Анткени Ирандын ядролук коркунучу жоголмок эмес. Израил ал сүйлөшүүлөргө катышпаганы менен келишимди кийинкиге жылдырууга чоң салым кошту. Эми биз убакыттан пайдаланып, басымды Ирандын ядролук курал жаратуу дымагын жоготууга каршы күчөтүшүбүз керек.

24- ноябрда дүйнөнүн беш бакубат өлкөсү Иран менен сүйлөшүүдө бир келишимге келе албай, сүйлөшүүнү 30-июлга чейин калтырган. Батыш Ирандын уранды байытууну азайтуусуна жетишип, ядролук курал чыгаруу коркунучун жоготууну каалайт. Иран аларда андай аракет жоктугун айтат.

Нетянахунун айтуусу боюнча, 24-ноябрдагы келишим Ирандагы ядролук коркунучту жогото алмак эмес. Анын билдиришинче, Израил үчүн региондогу коопсуздук эң маанилүү маселе. АКШ мамкатчысы Жон Кэрри тараптарды сабырдуулукка чакырып, ядролук сүйлөшүүдө прогресс бар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG