Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Иран: студенттер оппозиция лидерлерин бошотууга чакырды


Иран студенттери президент Хасан Роуханини көп жылдан бери үй камагында жаткан оппозиция лидерлерин бошотууга чакырды деп билдирет ирандык Фарс маалымат агенттиги. Оппозиция лидерлери Хусейн Мусави жана Мехди Каруби 2011-жылдын февраль айынан бери камакта. Алар 2009- жылы президент Махмуд Ахмаденежаддын кайра шайлануусуна каршы протесттерди жетектеген. Роухани 7-декабарда Тегеранда медициналык факультеттин студенттери менен жолукканда көптөгөн студенттер Мусавини үй камагында кармоону токтотууну суранган. Роухани студенттерге “буга чейин айткан жолубузда баратабыз, бул жол бузулбайт” деди. Президент Роухани мурда Иранда көбүрөөк саясий жана маданий ачыктык болорун убада кылган.

XS
SM
MD
LG