Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Казакстан менен Кыргызстан калың кардын түйшүгүн көрүүдө


Астанада кар көп жаап, суук болгонуна байланыштуу орто мектептер эки күнгө жабылды.

Аба ырайы кызматынын билдиришинче, 8-декабрда Казакстандын түштүк областтарында абанын температурасы 25 градуска чейин, 9-декабрда өлкөнүн чыгыш аймактарында 20 градуска чейин сууйт.

7-декабрда Алматыда 60 сантиметр калың кар жааган.

Кыргызстанда болсо кардын калыңдыгы бир метрге чейин жетип, 7-декабрда түштүк аймактарда төрт кар көчкү жүргөн.

Кар көп жаап, аймактагы көптөгөн айылдар жарыксыз калды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG