ЦРУнун сурак сырлары тууралуу Сенаттын баяндамасын жарыялоо алдында АКШнын бардык элчиликтеринде коопсуздук күчөтүлдү. 9-декабрда жарыялануучу баяндамада ЦРУнун кызматкерлери тарабынан аль-каидага тиешеси бар деп айыпталгандарга сурак жүргүзүүдө кыйноо аракеттерин колдонгону ачыкка чыгуусу мүмкүндүгү айтылууда.
2001-жылы 11-сентябрда болгон террордук чабуулдан кийин аль-каида менен байланышы бар деп шектелип кармалган адамдарды суракка алуу боюнча ЦРУнун жашыруун делген программасын Барак Обама президенттикке келгенден кийин токтоткон.