Аталган өнөктөштүк 9-декабрдан 19-декабрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында болот. Анда мектептерден тартып, жогорку окуу жайларына чейин коррупциянын зыяны тууралуу лекциялар окулат. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө он күндүктүн башкы максаты- жаш муундарга коррупциялык аракеттердин зыяны тууралуу маалымат жеткирүү болуп саналат.
Эл аралык Транспаренши интернешнл уюмунун акыркы маалыматы боюнча Кыргызстан коррупцияга каршы күрөш жаатында 12 тепкичке өйдөлөгөн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстан жыл сайын коррупциядан 700 млн. долларлык зыян тартат, бул мамлекеттик бюджеттин 40% түзөт. Эгер бул сумманы Кыргызстандын 5,8 млн. калкына бөлсө, паранын орточо суммасы ар бир адамга 120 доллардан туура келет.(ZKo)