Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Жол кайгуул кызматын автоинспекция кылып өзгөртүү каралууда


Кыргызстанда Жол кайгуул кызматын Мамлекеттик автомобил инспекциясы кылып кайра түзүү демилгеси талкууланууда. Мындай токтом долбоорун кечээ коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкону кабыл алуу учурунда талкуулаганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы түзүлө турган инспекциянын кызматкерлерине бир катар кошумча талаптарды коюу сунушталып жатат. Анын ичинде кызматкердин сөзсүз түрдө жогорку юридикалык же техникалык билими болуш керек деген талап.

Ошондой эле вице-премьер өлкөдөгү жол коопсуздугуна жана бул тармактагы коррупцияга каршы күрөш боюнча маалыматты укту.

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көбөйүүдө. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда 10 жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 10 167 киши каза таап, 61 580 адам жараат алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG