Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Ош жана Жалал-Абадда айрым ички жолдор жабык турат


Соңку эки күн бою тынымсыз жааган кардан жана катуу шамалдан улам Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым аймактарындагы ички жолдор жабылып калып, учурда ал жакта тазалоо иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сузак районунда Кашка-Терек – Кызыл-Кыя ички чарбалык жолунун 14 чакырым аралыгы кар күрткүсүнө толуп калган. Жалал-Абад – Орток унаа жолунун 40-чакырымынан 50-чакырымына чейинки аралыгында да жол каттамы токтогон. Орток жана Кызыл-Кыя, Алчалуу айылдарында трансформатор иштен чыккандыгына жана электр чубалгылары үзүлгөндүгүнө байланыштуу жарык жок.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолдун болжол менен 5 чакырым аралыгы карга толуп, жол жабылып калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG