Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Атамбаев: Араб өлкөлөрү Кыргызстан аркылуу өтчү темир жолго кызыкдар


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Араб өлкөлөрүнө сапарын жыйынтыктап жатып журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Араб өлкөлөрү Иран - Ооганстан - Тажикстан - Кыргызстан - Кытай темир жолун куруу жалпы аймак үчүн маанилүү долбоор экенин белгилешти.

- Түшүнгөн кишиге бул темир жол жалпы аймактын ачкычы болчу долбоор. Ошондуктан биз бир эле каттамды ойлоно бербей, бир нече өлкө үчүн маанилүү болгон долбоорду ойлонушубуз керек, - деди Атамбаев.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинен Кытай - Кыргызстан - Тажикстан - Ооганстан - Иран темир жолун куруу боюнча министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр бул күндөрү Дүйшөмбү шаарында өтүп жатканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG