Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Өкмөт министр Садыковдун маселеси боюнча чечим кабыл ала элек


Өкмөт билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев боюнча Башкы прокуратуранын кайрылуусун кароону улантууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн юридикалык бөлүмү бул ишти карап жатат. Анын жыйынтыгы менен жакынкы аралыкта чечим кабыл алынмакчы.

Башкы прокуратура Канат Садыков менен Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин кароого чакырып премьер-министрге кайрылуу жолдогон. Алар Славян университетине былтыр 24 абитуриентти мыйзам бузуу менен кабыл алуу чечимин чыгарган деп шектелүүдө.

Буга чейин бул иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге да кылмыш иш козголгон эле. Прокуратуранын жүйөсүндө депутат абитуриенттердин айрымдарынын ата-энесинен 14 миң доллар алуу менен министр жана окуу жай жетекчилигине аларды кабыл алуу боюнча кайрылуу жолдогон.

Депутат Осмоналиев өзүнө карата кылмыш иш козгоого негиз жок экенин айтып келет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG