Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Турганбаев ИИМ реформасын тездетүүгө убада берди


Ички иштер министри Мелис Турганбаев бул тармактагы реформаны тездетүүгө убада берди. Бул тууралуу министр эки айлык ишмердиги боюнча маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда министрликтин аппаратын өзгөртүү жүрүп жатат. Аппараттагы керексиз бөлүмдөрдү жоюп, ирилештирүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Мындан сырткары милиция кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын Турганбаев кошумчалады.

Кыргызстанда Ички иштер министрлигин реформалоо аракети төрт жылдан бери көрүлүүдө. Бирок адистер бул жаатта эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын сындап келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG