Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Мекеменин маалымат катчысы Турдакун Сыдыковдун айтымында, министрликке казак-кыргыз чек арасында жашыруун документтер менен кыргыз дипломаты кармалганы тууралуу эч кандай расмий маалымат түшкөн эмес. Министрлик маалымат агенттиктеринен гана бул кабарды уккан. Бирок учурда анын чын-төгүнүн тактоо боюнча иш жүрүп жатат.
Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат агенттиктери кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө бекетинде жашыруун документтер менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери кармалганын жазып чыккан.
Бул маалыматты УКМК, Чек ара кызматы сыяктуу органдар расмий түрдө тастыктай элек. (BkA)