Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Парламент Кумтөр боюнча өкмөттүн маалыматын угууда


Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында Кумтөр кени боюнча өкмөттүн маалыматы талкууланууда. Өкмөт Кумтөр боюнча быйыл февраль айында парламент кабыл алган токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берүүдө.

Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай жатат. Учурда негизги келишимдин 10дон ашык пункту боюнча тараптар мунасага келе элек.

Учурда жыйын өкмөт мүчөлөрүнүн өтүнүчү боюнча жабык уланууда.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөр үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG