Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Текебаев: Парламенттик демократияны колдогондор көбөйүүдө


Кыргызстанда парламенттик демократияны колдогондор көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушууда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтты.

Жолугушууда келерки жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдык талкууланды.

Өмүрбек Текебаев коомдук пикирди сурамжылоо жыйынтыгында ага катышкандардын жарымы парламенттик демократияны колдой турганы белгилүү болгонун, мурда алардын саны мындан аз болгонун кошумчалады. «Парламенттик демократия өлкөдөгү бийлик менен саясий маданиятты өзгөртүп, коомчулуктун үмүтүн актады. Азыр бийликтин монополиясы жоюулуп, ал коомдук пикир менен эсептеше баштады», - деди Текебаев.

2010-жылы бийлик алмашканда Кыргызстан Конституциясын өзгөртүп, парламенттик башкаруу системасына өткөн. Бирок соңку жылдары өлкөдө башкаруу президенттик формага көбүрөөк ооп баратканын айтып сындагандар чыгууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG