Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

АКШ Сенаты ЦРУнун жашыруун ишмердиги боюнча отчетун жарыялайт


Узактан бери күтүлгөн баяндама АКШнын Борбордук чалгын кызматы -ЦРУнун 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамдарын Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулган катаал ыкмаларга көңүл бурдурат.

Ак үй билдиргендей, баяндаманын редакцияланган версиясы бүгүн Сенаттын чалгын комитети тарабынан жарыяланмакчы.

ЦРУнун “ал-Каиданын” өкүлү деп шектелген 100дөн ашуун адамды суракка алуу боюнча жашыруун программасын президент Обама 2009-жылы эле токтотуп, анда колдонулган ыкмаларды “кыйноо” деп мүнөздөгөн.

Ак үйдүн өкүлү Жорж Эрнесттин айтымында, администрация отчеттун жарыяланышына бир нече айдан бери даярданып келди. Ыктымал кол салууларды алдын алуу үчүн АКШнын чет өлкөлөрдөгү жайларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG