Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Орусия айрым коңшуларга темир жол каттамдарын токтотот


Орусиянын мамлекеттик темир жол компаниясы билдиргендей, ал 14-декабрдан тарта Азербайжан, Украина, Казакстан, Тажикстанга жүргүнчү каттамдардын дээрлик баарын токтотот.

Ишкананын интернет баракчасындагы билдирүүдө бул чечим жүргүнчүлөрдүн кыйла азайуусунан улам каттамдар кирешесиз болуп калганы менен түшүндүрүлгөн.

Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалдан жана Крымдын анексиясынан улам Москва расмий Киев менен чатакташып жаткан кези.

Ошол эле учурда калган экс-советтик республикалар, анын ичинде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен алака-катышты чыңдоого умтулууда.

Казакстандын мамлекеттик темир жол компаниясы алардын он шаарды Орусия менен байланыштырган каттамдары улантыла берерин ырастады.

Поезддери Орусияга каттай берерин тажик темир жол компаниясы да билдирди.

ТАСС жана Интерфакс агенттиктери кабарлагандай, Орусиядан жүргүнчү поезддер Молдовага, Беларуска, Казакстандын түндүгүнө, Өзбекстанга мурдагы ыргакта каттай берет. (UE)

XS
SM
MD
LG