Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

АКШ Сенаты ЦРУнун “катаал” cурактары боюнча баяндамасын жарыялады


Баяндама Сенаттын чалгын комитети тарабынан жарыяланды. Жалпысынан 6000 беттен турган баяндама Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинин беш жылдык ишинин жыйынтыгы. Комитетти Демократиялык партиянын өкүлү Даен Файнстайн башкарат.Ал Вашингтондогу басма сөз жыйында сүйлөп жатып буларга токтолду:

-Бүгүн жарыяланган баяндама ЦРУ чет өлкөлөрдө 119 адамды жашыруун кармашын жана кээде сурактын кыйноого теңелген мажбурлоо ыкмаларын колдонгонун иликтейт. Ал ЦРУнун он жыл мурдагы аракеттери биздин баалуулуктар жана биздин тарых үчүн кара так экенин көргөзүүдө. 500 беттен турган бул жыйынтык баяндаманын жарыяланышы ал кара такты кетире албайт. Бирок ал биздин элге жана дүйнөгө Америка туура эмес кылган учурунда аны моюнга алууга кудурети жетерин жана өзүнүн катачылыктарынан сабак алууга ишенимдүү экенин көргөзө алат.

Баяндамада Борбордук чалгын кызматы -ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамы деп шектелгендерди Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонгон “катаал” ыкмалардын чоо-жайы сүрөттөлгөн.

Анда белгиленгендей, ЦРУнун ал ыкмалары “так маалымат алуунун эффективдүү каражаты болгон эмес жана кармалгандардын “кызматташтыгына” алып барбаган.

Баяндаманын кечинде жарыяланган 525 бети анын реадакцияланган, кыскартылган жыйынтык бөлүгү.

Ак үй билдиргендей, баяндаманын жарыяланышын утурлай АКШнын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен консулдуктарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG