Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бүгүн Торонтодо Кумтөр тууралуу сүйлөшүү болот


10-декабрда Торонтодо “Центерра Голддун” директорлор кеңеши менен кыргыз тараптын сүйлөшүүсү болот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль кечээ парламенттин комитет жыйынында Кумтөр тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Ал ошондой эле сүйлөшүүлөр жаңыдан гана жандана баштаганын белгилеп, парламенттенКумтөр боюнча “Центерра голд” менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн кошумча мөөнөт сурады. ЖК отун-энергетикалык комплекси комитетинин төрагасы Кожобек Рысбаевдин “Азаттыкка” билдиришинчеөкмөттүн өтүнүчү эми жалпы жыйында каралып, чечим кабыл алынат. Бирок азырынча качан каралары белгисиз.

9-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү эки комитети Кумтөр боюнча быйыл февраль айында парламент кабыл алган токтомдун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын укту. (ZKo)

XS
SM
MD
LG