Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

“Азаттыктын” кабарчысы “Курч калем” сыйлыгына татыды


Мелис Эшимканов атындагы фонд “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаевге “Курч калем” сыйлыгын тапшырды. Уюштуруучулардын белгилешинче, Жанар Акаев бул сыйлыкка “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” теле-программасындагы бир катар иликтөө материалдары үчүн татыган. Алардын катарында “Жол ачкыла, чоңдор келатат”, “Караларды ким тыят?”, “Батукаевге ким жол ачты?” деген сыяктуу иликтөө макалалары бар.

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун журналисттер арасында өткөрүлгөн кезектеги сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул жолу баш байге "5-каналдын" "Жайлоо" долбоорунун авторлоруна тийди. Аларга акчалай сыйлык жана грамота тапшырылды.

Мындан тышкары түрдүү номинациялар боюнча бир катар башка сыйлыктар да тапшырылды.

Белгилүү коомдук ишмер, журналист, публицист Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда 49 жашында каза болгон. Эшимканов атындагы коомдук фонд журналисттер арасында чыгармачыл сынак уюштуруп, спорттук таймаштарды өткөрүп турат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG