Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Путин менен Каримов Ошко газ берүүнү талкуулашы мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Ташкенттеги сапары учурунда Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселесин талкуулашы мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык “Интерфакс” агенттиги жазып чыкты. Агенттик “орус жана өзбек президенттери эки өлкө ортосундагы мунайгаз тармагындагы кызматташтыкты, анын ичинде Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүү токтоп турганына байланыштуу маселени талкуулайт” деп жазды.

Владимир Путин Ташкентке бүгүн бир күндүк сапар менен келди. Сапар өзбек президенти Ислам Каримовдун чакыруусу боюнча өтүүдө.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” быйыл жазында орусиялык “Газпромго” саткан. Көп өтпөй өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орус компаниясы менен келишим жоктугун шылтоолоп көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. Ошондон бери Ош шаары газсыз отурат. (BkA)

XS
SM
MD
LG