Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Чоң-Алайда бала бакчада өрт чыкты


Чоң-Алай районуна караштуу Кызыл-Эшме айылындагы бала бакчада кечээ эртең менен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, от жаккан бөлмөдө 6 чарчы метр фанера күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. 60 бала эвакуацияланган.

Адистердин айтымында, өрт кырсыгынын чыгышына мордун туура эмес салынып калганы себеп болгон.

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Адам жабыркаганы тууралуу кабар түшкөн жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG