Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

"Жаңы муун" кыймылы Бажы биримдиги боюнча жыйын өткөрөт


“Жаңы муун” кыймылы 17-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган кыймыл мүчөлөрү Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Жыйында Бажы биримдигине кошулгандан кийинки тобокелчиликтер, жоопкерчилик маселеси талкууланмакчы.

Кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун айтымында, "өлкөдөгү интеллигенция өкүлдөрү Бажы биримдигине кошулуу маселеси боюнча өз пикирин ачык айтпай жаткандыктан талкууга бийлик өкүлдөрү, ар кыл саясий күчтөр жана жарандык коом өкүлдөрү чакырылды.

Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча келишимге 23-декабрда кол коюларын билдирген эле. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG