Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Кытай Бишкектин жолдорун оңдоого 200 миллион юан бөлөт


Кытай Бишкектин жолдорун оңдоого 200 миллион юан бөлөт. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, кайтарымсыз негизде бөлүнгөн каражатка 105 чакырымдан ашык жол оңдолмокчу. Эки тараптуу келишимге ылайык, жол куруу ишине кытай компаниялары гана тартылат. Ал эми көзөмөлдү кыргыз тарап жүргүзөт.

Министрдин маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 600 чакырым ички жол бар, анын 300 чакырымы асфальтталган. Кыргыз өкмөтүнүн өз каражатына жол курууга дарамети жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG