Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Рысбеков: Кыргызстанда кыйноолорго каршы күрөш чабал жүрүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандагы кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча түзүлгөн улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү жабык жайларда кыйноого каршы күрөштү күчөтүү зарыл болуп турат. Борборго быйыл 65 арыз келип түшкөн. Алардын дээрлик 80 пайызы милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазылган арыздар. Мындан сырткары психиатриялык ооруканаларда, карылар үйлөрүндө жана интернаттарда кыйноо учурлары кездешерин Рысбеков белгиледи. Ушундан улам кыйноого каршы күрөштүү күчөтүү үчүн Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачуу сунушталууда.

Мындан эки жыл мурун Кыргызстанда Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча Улуттук борбор түзүлгөн. Бул борбордун кызматкерлери баардык жабык жайларга каалаган учурда эч тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ.

Бүгүн Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленүүдө. (BkA/KE)

XS
SM
MD
LG