Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:04

"Россия сегодня" агенттиги Кыргызстанда иштей баштады


"Россия сегодня" медиахолдингинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү иштей баштады. Маалымат каражатынын sputnik.kg интернет сайты бүгүнтөн тарта өз ишин баштады. Бул медиауюм интернет аркылуу маалыматтык жана аналитикалык макалаларды жарыялап, радиосун да обого чыгармакчы.

“Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги былтыр декабрда Орусия президентинин жарлыгынын негизинде РИА Новости агенттиги менен "Голос России" мамлекеттик радиокомпаниясынын базасында түзүлгөн.

Агенттик быйыл 10-ноябрдан тарта Sputnik долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор Кыргызстан менен катар дагы 30дан ашуун мамлекетте түрдүү тилдерде ишмердик жүргүзөт. "Россия сегоднянын" жетекчиси Дмитрий Киселев Sputnik негизинен Батыштын эл аралык медиакомпанияларына атаандаш катары түптөлгөнүн билдирген болчу.

Өткөн айда Грузия бийлиги өлкө аймагында Sputnik радиосунун обого чыгышына тыюу салган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG