Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Министр орун басары Максатбек Дыйкановдун соту уланууда


Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйкановдун иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Сумар Насиза кабарлады. Анын айтымында, ишти судья Адылбек Субанкулов карап жатат.

Учурда Максатбек Дыйканов УКМКнын тергөө абагына кармалууда. Ага каршы Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы 2010-2013-жылдары бюджеттеги 22 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз колдонгон. Анын 5 миллион сомун Дыйканов баштаган Транспорт жана коммуникация министрлигинин жооптуу адамдары пара катары алып турган деп шектелүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG