Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

AI Чеченстандагы үйлөрдү өрттө фактысын бейтарап иликтөөгө чакырды


Amnesty International укук коргоо уюму Чеченстандагы болжолдуу согушкерлердин үйлөрүн өрттөө фактысын “жамааттык жазалоо” акты деп атап, орус бийлигин көз карандысыз жана бейтарап иликтөө өткөрүүгө чакырды.

Мурдараак беткапчан адамдар Чеченстандын Янди айылында бери дегенде төрт үйдү өрттөп жибергени айтылган.

5-декабрда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Инстаграммдагы баракчасына “ата-энелер өз уул-кыздарынын кылыктары үчүн жооп бериши керек, эгер согушкер адам өлтүрсө анын үй-бүлөсү толугу менен өлкөдөн чыгарылып, үйү толугу менен түрттүрүлөт” деп жазган.

Орусиянын Кыйноого каршы комитетинин төрагасы жана адам укугу боюнча президенттик кеңештин мүчөсү Игорь Каляпин Орусиянын Баш прокуратурасына кат жөнөтүп, Рамзан Кадыровдун жазгандарынын мыйзамдуулугун текшерүүнү суранды. Ал өз кайрылуусунда жазыксыздык укугуна шилтеме жасап, Кадыровго карата кызматынан кыянаттык менен пайдалануу статьясы боюнча кылмыш ишин козгоого чакырды.

4-декабрга караган түнү Чеченстандын борбору Грозныйда бир нече адамдан турган куралчан топ МАИ кызматкерлеринин постуна кол салып, андан соң жакын аймактагы мектептердин биринде жашырынып калышкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, атайын операция учурунда 11 согушкер жана 14 полиция кызматкери набыт болгон. Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Имарат Кавказ” тобу алды.

XS
SM
MD
LG