Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Ажылыкка жасалма паспорт менен баргандар текшерилүүдө


Сауд Арабиясына Кыргызстандын жасалма паспорту менен барган адамдардын иши териштирилүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда бул боюнча Тышкы иштер министрлиги териштирүү жүргүзүп жатат.

- Бул ишти аферисттер тобу жасаганбы же атайын келишип алгандар жасаганбы, учурда Тышкы иштер министрлиги териштирип жатат. Жасалма паспорт менен баргандар Кыргызстанга бөлүнгөн квотага тиешеси жок, - деп билдирди Молдалиев.

Буга чейин Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев быйылкы ажылык учурунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен баргандар болгонун айтып чыккан. Анын айтымында, жасалма виза менен 69 адам кармалган. Бирок териштиргенде анын тогузу гана кыргыз жараны болуп, калган алтымышы өзбек, кытай атуулдары экени аныкталган. Ал эми калгандары Кыргызстандан эски паспортторду жасатып, ага виза бастырышканы белгилүү болгон. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG