Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Айрым өлкөлөрдө атеисттердин жана секулярдуу адамдардын укугу корголбойт


Бул тууралуу билдирген Эл аралык гуманисттик жана этика боюнча бирикменин айтуусунда, 13 мусулман өлкөсүндө атеисттер динге каршы көрсөтүлүп, алардын укуктары бузулууда.

Ушул жылдын январь айында Сауд Арабияда атеисттике чакырууну жана исламдын фундаменталдык түшүнүктөрүн талкуулоону тыюу салган мыйзам кабыл алынды.

Мындан сырткары, түрк президенти Эрдоган атеисттерди террорчуларга теңегени жана Малайзия премьер- министри Нажиб Разак гумандуулукту, секулярдуулукту жана либерализмди “нормага жатпаган” түшүнүк катары көрсөткөнү айтылууда.

Укук коргоочулар Орусиянын “Жаратканга акаарат келтирүү” жөнүндөгү мыйзамы атеисттерге каршы колдонулушу мүмкүн деп кыжаалат болушууда.

Бүгүн бүткүл дүйнөдө Адам укуктарынын күнү белгиленүүдө. 66 жыл мурун, 10-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугу боюнча декларация кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG